Кыргызстан менен Кытайдын соодасы дээрлик 3 эсеге өскөнү кабарланды

Былтыр Кыргызстан менен Кытайдын соодасы 2021-жылга салыштырмалуу дээрлик 3 эсе өстү. Бул тууралуу экономика жана соода министри Данияр Амангелдиев Садыр Жапаровдун Кытайга болгон мамлекеттик сапарынын жыйынтыктары боюнча айтып жатып билдирди.

 

Чиновник белгилегендей, бүгүнкү күндө коңшу өлкө менен соода алаканын көлөмү 4,5 миллиард долларды түздү жана Кытай соода-экономикалык жактан Кыргызстандын негизги өнөктөшү болуп турат.