Кыргызстан ыш көйгөйүн чечүү үчүн Бириккен Улуттар Уюмунан 6 миллиард 700 миллион доллар грант сурады

Кыргызстан ыш көйгөйүн чечүү үчүн Бириккен Улуттар Уюмунан 6 миллиард 700 миллион доллар грант сурады. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министри Динара Кутманова билдирди.

 

Анын айтымында, өлкөдө энергиянын альтернативдүү булактарын жайылтуу керек. Бул багыт боюнча долбоорлор иштелип чыкты. Аларды ишке ашыруу үчүн каражат талап кылынгандыктан, өтүнмө уюмга жөнөтүлдү, — деди чиновник.

 

Эске салсак, Бишкекте абадагы зыяндуу заттардын көлөмү максималдык көрсөткүчкө жетип, дүйнөдөгү эң булганыч шаарлардын сап башына чыкты.