Сауд Арабияда бийиктиги 2 миң метрлик имарат курулат

Сауд Арабияда бийиктиги 2 миң метрлик имарат курулат. Ал Дубайдагы 828 метрлик Бурдж Халифадан бир нече эсе бийик болот. Асман тиреген имаратты өлкөнүн көз каранды фонду курууга даяр.

 

Иштер Эр-Рияддын түндүк тарабында жүргүзүлөт. Имараттын аянты 18 чарчы чакырымга жетет. Аткаруучу компания курулуш иштерин 5 миллиард долларга баалады.