Кыргызстан Өзбекстан чектешкен аймакта жер титирөө катталды.
Анын күчү очогунда 6 баллга жетти деп, — билдирет Сейсмология институту.
Маалыматка караганда, жер титирөөнүн очогу Кыргызстан менен
Өзбекстандын чек арасына жакын аймакта орун алды. Зилзала Пүлгөн,
Ынтымак айылдарында — 6 баллга жакын, Жаңы-Ноокат,
Араван айылдарында — 4 баллга чейин сезилди.
Алдын ала маалыматка ылайык, жер титирөөдөн жабыркагандар катталган жок.