Мамлекеттик салык кызматы карыздын негизги суммасын төккөндөрдүн туум, санкция жана айыптардын 150 миллион сомдон ашыгын кечти

Мамлекеттик салык кызматы карыздын негизги суммасын төккөндөрдүн туум, санкция жана айыптардын 150 миллион сомдон ашыгын кечти.

 

Ведомство маалыматына ылайык, кеп өткөн жылдын августунан азыркы мартка чейинки мөөнөт тууралуу болуп жатат.

 

Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын декабрына чейин Кыргызстанда камсыздоо төлөмдөрүнүн негизги суммасын 1-июлга чейин төлөгөндөрдүн туумдарын жана айыптарын толугу менен чийип салуу мыйзамы күчүндө.

 

Ал эми карыздарын 31-декабрга чейин жапкандар санкциялардын   50 пайызын төлөйт.