Кыргызстан жеке күзөт уюмдарын чек араны кайтарууга тарта алат

Кыргызстан жеке күзөт уюмдарын чек араны кайтарууга тарта алат. Бул пункт аскердик жаңы доктринада көрсөтүлгөн. Документке ылайык, жеке күзөт уюмдары аймактык коргонуу, өлкөнүн аскердик жана чек ара коопсуздугун камсыздоо иштерине катыша алат.

 

Доктрина 16-июлда президенттин жарлыгы менен кабыл алынып, жакында эле Юстиция министрлигинин сайтына жарыяланды.