Кыргызстанда 1-апрелден тарта мугалимдердин айлыгы 80 пайызга көтөрүлөт

Кыргызстанда 1-апрелден тарта мугалимдердин айлыгы 80 пайызга көтөрүлөт.

 

Бул тууралуу Каржы министри Алмаз Бакетаев билдирди. Ал ишендиргендей, учурда 7 миң сом алган педагогдор жогорулатуудан кийин 20 миң сомдон алып калат.

 

Жалпысынан өлкө боюнча 309 миң адамдын маянасы көтөрүлөт. Аларга мугалимдер, дарыгерлер жана маданият өкүлдөрү кирет. Белгилеп кетсек, бюджеттик кызматкерлердин айлыгын жогорулатууга 26 миллиард сом талап кылынат.