Кыргызстанда 2023-жылы 4,3 млрд сомго 1155 айыл чарба техникасы лизингге берилди

Кыргызстанда 2023-жылы 4 млрд сомго 1155 техника лизингге берилди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, «Айыл Банк» аркылуу айылдык товар өндүрүүчүлөргө лизингке дан эгиндерин оруп-жыйноочу комбайндарды, ар түрдүү үлгүдөгү тракторлорду жана башка айыл чарба шаймандарын женилдетилген шарттарда жылдык үстөгү 6-9% менен 7 жылдан 10 жылга чейин лизингке берилүүдө.

«Бүгүнкү күнгө карата бардыгы болуп 13,7 млрд сомго 6 миң 617 даана техника лизинг жолу аркылуу дыйкандарга берилди, анын ичинен 2023-жылы 4,3 млрд сомго 1 миң 155 техника берилген», — деп айтылат маалыматта.

 

Акыркы жылдары Айыл чарба министрлиги тарабынан айылдык товар өндүрүүчүлөрдүн машина-трактордук паркын толуктоо, жаңылоо жана айыл чарба техникалары менен камсыздоо үчүн бир катар иштер аткарылууда.

 

Жогорудагы долбоорлордун бардыгына КР министрлер кабинетинин чечими менен «Айыл Банк» ААК оператор болуп дайындалган жана лизинг долбоорлору министрликтин көзөмөлү аркылуу ишке ашырылып жатат.