Өлкөдө быйыл өткөн жылга салыштырмалуу респиратордук вируска кабылгандардын саны аз

Кыргызстанда быйыл өткөн жылга салыштырмалуу респиратордук

вируска кабылгандардын саны аз. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо

министрлигинен novosti.kg ге билдиришти. Маалыматка караганда,

өлкөдө эпидемиалогиялык абал туруктуу. Ошондой эле коронавирус каттала элек.

Бул үчүн чек арадан өткөн жарандар дыкат текшерилип жатат.

Вирустун алдын алуу боюнча бала бакча, мектеп, жогорку окуу жай жана

мамлекеттик мекемелерге маалымат берилүүдө.