Кыргызстанда 234 окуучу билимин тастыктап, “Алтын тамга” сертификатына ээ болду. Бул тууралуу Билим берүү министринин орун басары Каныбек Исаков билдирди.
Анын айтымында, жалпысынан, тестти 1 миң 250 бүтүрүүчү тапшырды. Тестирлөөнүн жүрүшүндө окуучуларга планшеттер тапшырылып, баалар сынактын жүрүшүндө дароо белгилүү болду.
Өткөн жылы “Алтын тамга” сертификатына тестти 1 миң 65 окуучу тапшырса, болгону 182 бүтүрүүчү артыкчылык аттестатына ээ болгон.