Февраль айында 1-класстын окуучулары үчүн кошумча каникул берилет

Февраль айында 1-класстын окуучулары үчүн кошумча каникул берилет. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен эскертишти. Маалыматка ылайык, ар бир мектеп окуучуларды качан эс алууга кетире тургандыгын өз алдынча чечип, райондук билим берүү бөлүмү менен макулдашат.

 

Ал эми бардык окуучулар 21-марттан  31-мартка чейин жазгы каникулга тарайт.