«Унаа» мамлекеттик ишканасынын бир бөлүмү 24-июлда иштебейт.
Кеп, Чокон Валиханов көчөсүндөгү филиал тууралуу болуп жатат, — дешти
мамлекеттик каттоо кызматынан. Иштөө мөөнөтүнүн убактылуу чектелиши
электр тармактарындагы оңдоо иштерине байланыштуу. Бул күнү унааларды
каттоо Военно-Антоновка айылындагы аймак аралык секторунда жүргүзүлөт.
Ал жума күнү убактылуу графикке ылайык иш алып барат.