Кыргызстанда 33 унаа мектеби жабылды

Кыргызстанда 33 унаа мектеби жабылды. Бул тууралуу парламент отурумунда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын начальниги Азамат Исраилов билдирди.

 

Анын айтымында, жалпысынан өлкө аймагында 270 унаа мектеби бар. Текшерүү жүргүзүлүп, анын 22си гана лицензиялык талаптарга жооп бере турганы аныкталды. Учурга карата 33 мектеп толугу менен жабылды. Айрымдарынын лицензиялары убактылуу токтотулду, — деди Исраилов.