Баткен жана Ош облустарын калыбына келтирүүгө 3 миллиард сом каралды

Баткен жана Ош облустарын калыбына келтирүүгө 3 миллиард сом каралды.

 

Бул тууралуу Каржы министрлигинин басма-сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, каражат мамлекеттик органдардын берген арызына ылайык бөлүнүп жатат.

 

Эске салсак, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, Баткен облусунда Тажикстандын куралдуу кол салуусунда 613 үй, 9 административдик-стратегиялык маанидеги объект, 15 социалдык объект, көпүрө жана чарбачылык курулуштар жабыркады.