Кыргызстанда ушул жылы “Санарип ID” системасы ишке кирет

Кыргызстанда ушул жылы “Санарип ID” системасы ишке кирет. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Алмаз Мамбетов билдирди. Анын айтымында, жаңычылдык жарандардын бийлик менен байланышын жеңилдетүүгө багытталат.

 

Эгер буга чейин айрым кызматтарды алууга адамдын өзүнүн болуусу тийиш болсо, эми онлайн режимде идентификация жүрөт. Бул өзгөчө алыскы аймактарда жашагандарга жеңилдик берет, — деди Мамбетов.