Кыргызстанда 5 жылда телефон менен сүйлөшкөндөрдүн саны 2 эсе азайып, интернет колдонгондор 3 эсе көбөйдү.
Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2016-жылы уюлдук компаниялар телефон аркылуу сүйлөшүүдөн 20 миллиард сомдон ашык киреше таап келсе, 2020-жылы киреше 10 миллиард сомду түздү. Анын ортосунда, интернет – каналдар күч алды.
Алсак, 2016-жылы кыргызстандыктар интернет үчүн 2 миллиард 974 миллион сом төлөсө, бул сумма 2020-жылы 9 миллиард 57 миллион сомго жетти.