Учурдун популярдуу сериалы “Кальмар оюнунун” экинчи сезону тартылат. Бул тууралуу анын режиссеру Хван Дон Хек расмий түрдө жарыялады. Ал белгилегендей, мындай суроо-талаптан кийин сериалдын уландысын тартпай коюу мүмкүн эмес.
Учурда ал экинчи сезондун сценарийинин үстүндө ойлонуп жатканын билдирди.
Белгилеп кетсек, “Кальмар оюну” аталышындагы түштүк кореялык сериал 17-сентябрда чыгып, Netflix сервисинде 90 өлкөнүн жашоочулары көп көргөн сериалдардын топ башында турат.