Кыргызстанда 5G технологиясын сыноого уруксат берилди

Кыргызстанда 5G технологиясын сыноого уруксат берилди. Санариптик өнүктүрүү министрлигинин маалыматына ылайык, технология керектөөчүлөргө маалыматтарды алмашууда интернеттин ылдамдыгын жогорулатып, трафиктин көлөмүн кеңейтүүгө мүмкүнчүлүк берет.

 

Жаңычылдыкты киргизүү заманбап технологияларды жана коммуникация инфраструктурасын өнүктүрүүгө жаңы дем берет, — дешти ведомстводон.