Кыргызстанда евро валютасынын жоктугу – убактылуу көрүнүш

Кыргызстанда евро валютасынын жоктугу – убактылуу көрүнүш. Буга Улуттук банктын төрагасынын орун басары Нурбек Жеңиш ишендирди. Анын айтымында, мурда биздин банктар чет элдик валютанын жетишсиздиги учурунда россиялык банктар аркылуу абалды оңдоп алчу.

 

Ал эми учурда алардын дээрлик бардыгы санкциялар алдында тургандыктан, бул ыкма иштебей жатат.

 

Логистика иретке келтирилгенден кийин жаңы каналдар аныкталып, абал жөнгө салынат, — деди адис.