Бишкекте аз камсыздалгандарды колдоого 35 миллион сом бөлүндү

Бишкекте аз камсыздалгандарды колдоого 35 миллион сом бөлүндү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев билдирди.

 

Анын айтымында, каржылык колдоо “Социалдык келишим” долбоорунун алкагында берилет. Жалпысынан бул максатта 282 миллион сом бөлүнүп, анын 35 миллиону Бишкекке туура келет.

 

Сумма үй-бүлөлөрдү жакырчылыктан чыгарууга багытталган 350 бизнес долбоорго жумшалат, — деди министр. Белгилеп кетсек, аталган долбоор буга чейин пилоттук негизде өлкөнүн эки районунда ишке ашып, эми бардык аймактарга киргизилип жатат.