Кыргызстанда 64 жогорку окуу жайы абитуриенттерди кабыл алууда.
Абитуриенттер 2020.edu.gov.kg сайтынан ар бир университеттин факультеттери менен тааныша алат.
Анда тапшыруу шарттары, келишимдин баасы жана кеңири маалымат алуу үчүн байланыштар
көрсөтүлгөн, — дешти Билим берүү министрлигинен. Белгилеп кетсек, 27-июлдан баштап жогорку окуу жайларга
онлайн кабыл алуунун II туру башталган. Акыркы тур 3-августтан 5ине чейин жүргүзүлөт. Белгилеп кетсек,
быйыл пандемияга байланыштуу окууга тапшыруу онлайн форматында жүрүп жатат.