Чүй облусундагы эс алуучулардын коопсуздугун 700 милиция кызматкери камсыздайт.
Аймактык ички иштер органынан билдиришкендей, учурда Чүй облусу боюнча 35ден
ашык эс алуу жайлары конокторду кабыл алып жатат. Андан улам, милициянын
7 көчмө кабылдамасы түзүлүп, иш алып барууда. Укук коргоочулар
жерлерде жана эс алуу базаларынын аймактарында иштеп жатат.