Быйылкы жылдын мыкты футболчулары аныкталды

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын жана «Абдыш-Ата» футбол клубунун жарым коргоочусу Кайрат Жыргалбек уулу «Жылдын мыкты футболчусу» аталды. Мындай наам 16-декабрда Бишкекте өткөн KFU Awards-2023 деп аталган иш-чарада ыйгарылды. Бул наам үчүн Жыргалбек уулунан сырткары улуттук кураманын оюнчулары Алимардон Шукуров менен Христиан Браузман ат салышты.

Ал эми «Жылдын мыкты футболчу айымы» наамы Кенжебүбү Ырысбек кызына ыйгарылды. Ал быйыл «Бунёдкор» клубу менен Өзбекстандын кыз-келиндер футбол чемпионатынын коло байгесин уткан. Бул наам үчүн Ырысбек кызы менен катар Аделаида Мырзалиева жана Дильнура Абибулла кызы ат салышты.

 

Кыргызстандын футбол бирлиги 10 номинация боюнча жыл мыктыларын аныктады. “Жылдын мыкты футбол калысы” наамы Урмат Баялиевге тапшырылды.

“Жылдын мыкты машыктыруучусу” болуп «Талант» футбол клубунун башкы машыктыруучусу Урмат Абдукаимов табылды. Футзал боюнча “Мыкты машыктыруучу” наамы» быйыл «Дастан» футзал клубун чемпион кылган Канимет Аралбаевге ыйгарылды. “Мыкты футзал оюнчусу” деп Максат Алимов, “Кыргызстандын премьер-лигасынын мыкты оюнчусу» деп “Дордой” командасынын оюнчусу Данин Талович аталды.»Жылдын жаш оюнчусу» наамы да «Дордой» командасына тийип, 24 жаштагы дарбазачы Султан Чомоев мыкты аталды.

 

«Жылдын мыкты клубу» наамы «Абдыш-Ата» командасына ыйгарылды. Аталган клуб эки жыл катары менен Кыргызстандын чемпиондугун утуп, быйыл өлкө тарыхында биринчи жолу АФК Кубогунун плей-офф баскычына чыкты.

 

Кыз-келиндер футболунан Австралияда өткөн дүйнө чемпионатында калыстык кылган Рамина Цой менен Азия Кубогунда калыстык кылган Вероника Бернадская «Кыргыз футболунун сыймыгы» деп табылды.

Football Awards сыйлыгы Кыргызстандын Футбол бирлиги тарабынан 2015-жылдан бери жыл сайын өткөрүлүп келет.