Кыргызстандын валюта рыногундагы кырдаал салыштырмалуу туруктуу

Кыргызстандын валюта рыногундагы кырдаал салыштырмалуу туруктуу. Бул тууралуу Улуттук банктын расмий өкүлү Аида Карабаева билдирди.

 

Анын айтымында, жыл башынан бери доллардын сомго карата расмий курсу 2,37 пайызга өскөн. Бул убакыт аралыгында өлкөнүн башкы каржы мекемеси 10 жолу интервенция жүргүзүп, рынокто 500 миллион доллар сатты.

 

Карабаева кошумчалагандай, Улуттук банк мындан ары да улуттук валюта курсунун туруктуулугун камсыздайт.