Кыргызстанда алдыңкы күндөрдө туруксуз аба-ырайы күтүлөт.
Синоптиктер шашылыш билдирүү таратты. Бүгүн жана 22-январдан
24-январга чейин көпчүлүк аймактарда мезгили менен кар жаайт.
Бактарга жана зымдарга жаан аралаш кар жабышат. Жолдордо
кар күрткүлөрү пайда болуп, тайгак болот. Мындай аба-ырайынын
шарттары мал-жандыктарды кармоодо тоюттун запасына зыян келтирет,
унаалардын, байланыш түйүндөрүнүн, энергетика жана
коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.