Өлкөдө сүттүн кымбатташы басаңдады.
Экономисттердин айтымында, жайдын келиши менен сүттүн көлөмү көбөйүп, бул бааны кармап турууга жардам берүүдө.
Азыр КМШ өлкөлөрүнүн ичинен эң кымбат сүт Грузияда — литри 130 сомдон сатылууда.
Россияда орточо 127 сом.
Беларуста сүт эң арзан — бир литри 55 сом.
Экинчи орунда Тажикстан, Кыргызстан алдыңкы үчтүктү жапты.
Арменияда сүткө орто эсеп менен 86 сом төлөш керек болот, Азербайжанда, Казакстанда жана Молдовада баалар андан да жогору.