Кыргызстанда өткөн жылдагыдай суугат суусу менен кыйынчылыктар жаралбайт

Кыргызстанда өткөн жылдагыдай суугат суусу менен кыйынчылыктар жаралбайт. Бул тууралуу Айыл-чарба министри Аскарбек Жаныбеков билдирди. Анын айтымында, ведомство вегетациялык мезгилге карата даярдык иштерин жүргүздү.

 

Бул максатта 630 миллион сом жумшалды. Жаан-чачындын мол болушу дагы жакшы шарт түзүп берди. Андыктан, сугат суусунун жетишсиздиги болбойт деп болжолдонууда.

 

Эске салсак, өткөн жылы өлкө дыйкандары кургакчылыктан улам жапа чекти. Маселени чечүүгө бийликтин көңүлүн буруу үчүн алар митингдерге чыгууга дагы аргасыз болгон.