Кыргызстанда кайрадан толук карантин киргизүү пландалган жок

Кыргызстанда кайрадан толук карантин киргизүү пландалган жок. Бул тууралуу вице-премьер-министр Эркин Асрандиев билдирди. Анын айтымында, учурда өлкөдөгү экономикалык ишмердикти чектөө менен карантин киргизүү жалпы абалдын начарлашына алып келиши мүмкүн.

 

Аймактарда бир катар санитардык чектөөлөр бар, ошондой эле, айрым бизнес өкүлдөрү өз алдынча ишмердигин токтотуп жатат, — деди Арсандиев.

 

Кошумчаласак, буга чейин коомчулукта курчуган эпидемиологиялык абалга байланыштуу карантин жарыялоо зарылчылыгы айтылып жаткан.