Кыргызстандын тоолуу аймактарында кар көчкү түшүү коркунучу жогору. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Бишкек – Ош, Суусамыр – Талас – Тараз, Ала-Бука-Каныш-Кыя, Красная Горка-Ак-Таш, Бишкек-Нарын-Торугарт, Казарман-Ак-Тал-Чат унаа жолдорунда, ошондой эле ашууларда кар көчкү түшүп, жолдор тайгак болушу күтүлөт.
Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.