Кыргызстанда жыл сайын  24 тоннага чейин алтын өндүрүлөт

Кыргызстанда жыл сайын  24 тоннага чейин алтын өндүрүлөт.

 

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин отун-энергетикалык комплекси, кен казуу жана өндүрүш саясаты комитетинин отурумунда Эсеп палатасынын аудитору Алимжан Байгазаков билдирди.

 

Ал белгилегендей, 18 тонна алтын “Кумтөрдө” казылат. Белгилеп кетсек, Жаратылыш ресурстары министрлигинин маалыматына ылайык, жыл башына карата  жалпысынан өлкөдө 734 тонналык алтын запасы менен 133 кен бар. Андан тышкары, 852 тонна күмүш табылган 25 кен аныкталган.