Өлкөнүн тышкы карызын төлөө графикке ылайык жүргүзүлүп жатат

Кыргызстандын тышкы карызын төлөө графикке ылайык жүргүзүлүп жатат. Novosti.kgге Каржы министринин орун басары Руслан Татиков ишендиргендей, бул багытта кооптонууга негиз жок.

 

“Дүйнөдөгү бардык өлкөлөр карыз алышат. Эгерде өнүккөн өлкөлөрдү карап көрсөк – АКШ, Япония мамлекети деле карыз алат. Бизде бардык карызды тейлөө шарттары графикке жараша каржыланат. Карыз үчүн кооптонууга негиз жок”.

 

Учурда Кыргызстандын тышкы карызы 4 миллиард 494 миллион долларды түзөт.