Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Ак-Суу райондук башкармалыгынын имараты өрттөнүп кетти. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Кырсык бүгүн, 6-январда түнкү 2:00 чамасында болгон.
Өрт убагында өчүрүлгөнү, жабыркагандар жок экени айтылган маалыматта.
Сүрөттөн көрүнүп тургандай, имарат таптакыр жараксыз абалга келип калган.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бул туурасында азырынча маалымат бере элек.