Санжар Муканбетов Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институтунун директору болуп дайындалды

Санжар Муканбетов Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институтунун директору болуп дайындалды, деп билдирет президенттин маалымат кызматы.

 

«Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, КР Конституциясынын 71-беренеси жетекчиликке алынып, Муканбетов Санжар Турдукожоевич мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, КР президентине караштуу Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институтунун директору болуп дайындалды», — деп айтылат маалыматта.