Парламенттик шайлоонун жыйынтыгын чыгаруу процесси мыйзамга ылайык жүрүүдө. БШКнын маалыматына ылайык, алгач комиссия мүчөлөрү бир мандаттуу округдар боюнча добуштарды санап алышы керек, андан кийин гана – бирдиктүү шайлоо округунун бюллетендери эсепке алынат.
Ар бир бюллетендеги добуш протоколго түшүрүлөт, андан кийин бул документ шайлоо участогундагы байкоочуларга берилет. Белгилеп кетсек, шайлоонун жыйынтыгы менен протоколдор БШКнын сайтында 18-декабрга чейин жарыяланат.