Бишкектеги башкы балатынын оту ушул жума жанат.
Мэриянын маалыматына караганда, 15-декабрь кечки саат 7де Ала-Тоо аянтына орнотулган балаты салтанаттуу түрдө күйгүзүлөт.
Бул күнү ошондой эле дээрлик бардык мамлекеттик мекемелерге карагайлар орнотулуп, плакаттар илинип, майрамдык жарыктандыруулар иштеп баштайт.