Кыргызстанда быйыл пенсияны жогорулатууга 970 миллион сом каралат

Кыргызстанда быйыл пенсияны жогорулатууга 970 миллион сом каралат. Бул тууралуу Соцфонддун төрагасы Бактияр Алиев билдирди. Анын айтымында,  2024-жылы пенсиянын камсыздандыруу бөлүгүн 7 пайызга көбөйтүү пландалууда.

 

Жарым жылдын жыйынтыгы менен камсыздандыруу төгүмдөр кайра каралат, эгер сумма жогоруласа, анда пенсиянын көбөйтүлө турган пайызы дагы жогорулашы мүмкүн.