Кыргызстанда COVID-19дун үчүнчү толкуну майдын аягында, июнь-июль айларында болушу күтүлүүдө.
Бул тууралуу саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.
Коронавирустун биринчи толкуну былтыр жайда катталып, даярдык болбогондуктан көп жоготуулар болду.
Экинчиси октябрь-ноябрь айларында катталды. Бирок даярдык күчөтүлгөндүктөн жоготуулар көп болгон жок.
Ооруп айыккандардын антилелору 8 айдан 1 жылга чейин сакталат. Демек, бул жарандар ушул убакта
вирусту алып жүрүүчү болуп калышы мүмкүн, — деп белгиледи министр. Үчүнчү толкунга даярдануунун
алкагында бардык ооруканаларда дары-дармектер, коргонуучу каражаттар 2-3 айга жетиштүү жана
тез жардам унаалары республика боюнча 90 пайызга камдалды.