Кыргызстанда кышында “жөнгө салуу иш-чаралары” киргизилиши мүмкүн.
Бул тууралуу Энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди. Анын айтымында, тармакка ашыра жүк келген учурда бир-эки саатка электр энергиясы өчүрүлүшү мүмкүн.
Бул трансформаторлорду ысып кетүүдөн коргоо үчүн зарыл. Чиновник белгилегендей, соңку учурларда жабдууларга күч келүү өсүүдө, андыктан, жарандарга электр энергиясын үнөмдүү колдонуу сунушталат.