Кыргызстанда дагы 10 адамдан коронавирус аныкталды

Кыргызстанда дагы 10 адамдан коронавирус аныкталды. Анын ичинде 2 медицина кызматкери бар. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадемин Каратаев билдирди.

 

Анын айтымында, вирус Бишкекте бир кишиден, Ноокатта 1, Ош шаарында 3, Сузакта 4, Аксы районунда 4 адамдан чыкты. Ушуну менен Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 280ге жетти. COVID-19 менен күрөшүп жаткандардын арасында 34 медик бар.