Өлкөдө айрым дары-дармектер 20 пайызга кымбаттады

Өлкөдө айрым дары-дармектер 20 пайызга кымбаттады.

Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигине караштуу дары-дармек жана медициналык буюмдар департаментинин директорунун орун басары Канат Бекбоев билдирди.

Анын айтымында, бул дары өндүрүүчүлөрдүн бааны жогорулатканына, логистиканын кымбаттап жатканына жана валюта рыногундагы туруксуз кырдаалга байланыштуу.

Фармацевтикалык компаниялардын өкүлдөрүнүн божомолу боюнча өсүш 40 пайызга чейин болушу мүмкүн.