Кыргызстандын футбол боюнча Суперкубогу үчүн оюн Оштун борбордук стадионунда өтөт. Бул тууралуу Кыргыз кесипкөй футбол лигасынан билдиришти. Беттеш 8-мартка белгиленди.
Ардактуу кубок үчүн канттык “Абдыш-Ата” жана оштун “Алай” командасы күч сынашат. Белгилеп кетсек, бул Кыргызстандын 12-суперкубогу ойнотулуп жатат. Үчүнчү ирет турнир Ошто өтүүдө.