Кыргызстанда Газанын элине жардам берүү үчүн атайын эсеп ачылды

A smoke rises and ball of fire over a buildings in Gaza City on October 9, 2023 during an Israeli air strike.
(Photo by Sameh Rahmi/NurPhoto via Getty Images)

Кыргызстандын Финансы министрлиги Газа секторунун жарандарына жардам берүү үчүн каражат топтоого атайын мультивалюталык эсеп ачты. Бул тууралуу маалымат 18-декабрда аталган мекеменин расмий сайтына жарыяланды.

Министрлик эсеп ыктыярдуу жарандардан жана юридикалык жактардан жардам чогултуу максатында ачылганын кошумчалады жана сайтында банк эсептерин номурларын жазды.

Израил ХАМАСтын 7-октябрдагы кол салуусунан 1 200 киши набыт болгонун, 240 чакты киши барымтага алынганын, Газа тилкесинде жер операциясы башталгандан бери 100дөн ашуун аскери окко учканын маалымдаган.

ХАМАС башкарып келген Газадагы Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда, жөөт армиясынын аскердик операциясынан бери дээрлик 19 миңдей адамдын, негизинен аялдардын жана балдардын өмүрү кыйылды.