Россиялык спортчулар 2022-жылдын аягына чейин эл аралык мелдештерге катыша албайт.
Мындай чечимди Лозаннадагы Спорттук арбитраждык сот чыгарды. Мындай чектөөлөргө
россиялык спортчулардын допинг колдонууга шектелгени себеп. Муну менен Россиялыктар
2021-жылдагы Токиодо өтө турган Олимпиада жана Паралимпиада оюндарынан,
2022-жылы Катардагы футбол боюнча чемпионатка катышуу укугунан ажырады.
Буга карабай, допинг колдонбогонун тастыктаган атлеттер
өлкөсүнүн желеги алдында жарыштарга катыша алат