Кыргызстанда импорттун көбөйүшүнүн себеби айтылды

Кыргызстанда импорттун көбөйүшү унаа жана жабдууларды негизинен Кытайдан алып келүүнүн өсүшү менен камсыздалат. Бул тууралуу Евразия өнүктүрүү банкы билдирди.

 

Банк өлкөдөгү соода жүгүртүү 2022-жылдын биринчи жарымына салыштырмалуу дээрлик үчтөн бирге өскөнүн эске салды.

 

Көрсөткүчтүн өсүшүнө экспорттун 34,5 пайызга жана импорттун 30 пайыздан ашык жогорулашы түрткү болгон.

 

Экспорттун наркы алтынды чет өлкөлөргө жеткирүүнүн жанданышынан улам өскөн.