Жалал-Абаддын бир катар жерлеринде электр жарыгы өчүрүлөт

Эртең, 16-сентябрда Жалал-Абад шаарынын бир катар жерлеринде электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, 16-сентябрда оңдоп-түзөө жумуштарына байланыштуу саат 9:00дөн 17:00гө чейин шаардын Абдрахманов №16,18, Байзаков проспектиси №176,178,180,182, Сузак, Ивасишина, Авиация, Москва, Курманбек №15,17 көчөлөрү, «Алтын-Казык» соода борборунда электр жарыгы болбойт.

 

Мэрия жарандардан жаралган ыңгайсыздыкты түшүнүү менен кабыл алууну суранат.