Кыргызстанда ишкерлерди текшерүүгө киргизилген мораторийди узартуу сунушталды

Кыргызстанда ишкерлерди текшерүүгө киргизилген мораторийди узартуу сунушталды.

 

Экономика министрлиги иштеп чыккан долбоор коомдук талкууга коюлду. Анда бизнести текшерүүгө 2024-жылы убактылуу тыюу салуу жазылган.

 

Эске салсак, буга чейинки тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров былтыр кол койгон.

 

Кошумчаласак, Кыргызстанда 16 мамлекеттик орган ишкерлерди текшерүү укугуна ээ.