Кыргызстанда үй карантинин бузган 45 адам жоопкерчиликке тартылды

Кыргызстанда үй карантинин бузган 45 адам жоопкерчиликке тартылды. Өкмөт аппаратынын маалыматына ылайык, өлкө аймагында жалпысынан үй карантинине   83 миң 638 адам алынган.

 

Айрымдары эрежени бузуп, өзүнүн жана башкалардын өмүрүнө коркунуч жараткан. Андан улам, 9 адамга карата кылмыш иши козголду. Ал эми калгандары айыпка тартылды.

 

Азыркы тапта COVID-19 жуктурган адамдар менен байланышта болгондордун саны 3 миңден ашат. Обсервацияда 908 киши жатат.