Кыргызстанда эң көп айдалган унаалар аталды

Кыргызстанда эң көп айдалган унаалар аталды.

Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришкендей, Mercedes-Benz үлгүсүндөгү

унаа сап башында турат. Анын саны биздин өлкөдө 138 миңди түзөт. Андан кийин

Советтер Союзунун өндүрүшүнөн чыккан «АвтоВАЗ» компаниясынын машинелери.

Андан өлкөдө 136 миң бар. Үчүнчүдө Өзбекстандан чыга баштаган түштүк кореялык

Daewoo үлгүсүндөгү унаалар – 133 миң. Андан тышкары, тизмеге Toyota, Honda,

Hyundai, Volkswagen, Nissan жана Audi үлгүлөрүндөгү тулпарлар да камтылды.