Кыргызстанда шайлоочулардын саны 3 миллион 552,5 миңди түздү.
Булар 10-январда мөөнөтүнөн мурда өтө турган президенттик шайлоого жана
референдумга катыша ала тургандар жана тизме 14-декабрга карата.
БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова белгилегендей, жарандар тизмеге
өзгөртүүлөрдү 29-декабрга чейин киргизе алышат. Бул шайлоодо
форма №2 колдонулбайт, мындан улам добуш берүүчүлөрдүн саны да азайды.
Форма №2 чет өлкөлөрдө жашаган жарандарга гана жеткиликтүү. Белгилеп кетсек,
бүгүн шайлоо өнөктүгү старт алды. Ал 9-январь таңкы саат 9да токтотулат.