Бир жумада доллар 1,5 сомго кымбаттады

Дээрлик эки аптага созулган туруктуу курстан кийин доллардын куну 1,5 сомго кымбаттады.

Азыр акча алмаштыруучу жайлар менен коммерциялык банктар АКШ валютасын орто эсеп менен 83 сом 50 тыйындан сатып алып, 84 сом 50 тыйынга сатышууда.

Акыркы 24 сааттын ичинде эле көрсөткүч 50 тыйынга өстү.

Ошол эле учурда Улуттук банк тарабынан расмий курс 83 сом деп белгиленген.